Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Азиада 2014: Альбина Мамбетова жарым финал үчүн таймашат


Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан XVII Азия оюндарынын алкагында кечээ жети кыргызстандык атлет алгачкы мелдештерге катышты.

Фехтования боюнча мелдеште Роман Петров жеке эсепте 5-орунду ээледи. Спорттун ушул эле түрү боюнча кыргызстандыктар Роман Петров, Михаил Иванов, Александр Черных жана Евгений Наумкин 23-сентябрда командалык оюнда мелдешке чыгат.

Дзюдочулар Арген Бактыбек уулу, Айканыш Аманова жана Ксения Бельдягина ишембиде өткөн биринчи беттешүүлөрдө жеңилүү ызасын тартып, таймаштан чыгып калышты. Ал эми Жаңыл Окоева оор атлетика боюнча күч сынашып, үч алдыңкы орунга илинбей калды.

Спорт чебери Альбина Мамбетова ушу-саньда боюнча пакистандык атаандашын жеңип, бүгүн кытайлык спортчу менен жарым финал үчүн мөөрөй талашат.

Азия оюндарына Кыргызстандан спорттун 20 түрү боюнча 115 спортчу катышууда. Футбол боюнча мелдеш 18-сентябрда башталып, таймаштын Н тобунда Кыргызстандын курамасы Ирандын футболчулары менен 1-1 эсебинде тең чыккан.

Кыргыз өкмөтү Азиадада алтын медал алган спортчуга 1 млн. 250 сом, күмүш медал үчүн 750 миң сом, ал эми коло медал уткандарга 500 миң сом байге сайган. (UEz)

XS
SM
MD
LG