Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Кыргызстанда ыктыярдуу кан тапшыргандар азайды


Бул тууралуу республикалык Кан борборунун башчысы Бакыт Карабаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында Кыргызстанда өз ыктыяры менен кан берген донорлор азайып, ооруканаларда кан тартыштыгы күчөдү. Өлкө боюнча запастагы кандын көлөмү дагы төмөн аз.

22-сентябрда Бишкек шаарындагы кан борборунда “Балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн кан тапшыруу” деген аталыштагы жумалык башталат. Акция 22-сентябрдан 26-сентябрга чейин уланат.

Кыргызстанда былтыр 34 500 донор катталган. Бул өлкөдөгү калктын санына салыштырганда абдан аз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча ар миң кишиге 40 донор туура келиши керек. Кыргызстандагы донорлордун саны бул көрсөткүчтөн сегиз эсе аз. (TSh)

XS
SM
MD
LG