Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү Олжобай Казакбаев таштанды кутуларынын биринен ымыркайдын сөөгү табылды деген маалыматты тастыктаган жок. Анын айтымында, мындай факт катталган эмес.
Кечээ интернет-сайттардын бири баш калаанын Лермонтов көчөсүндө жайгашкан тагштанды кутусунан ымыркайдын жансыз денеси табылганын жазып чыккан болчу.(UEz)