22-сентябряда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картөшкө, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, айрым учурда 0...-2, күндүз 18...23,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, айрым учурда 0...-2, күндүз 17...22,
Баткен облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15 күндүз 22...27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, айрым учурда 0...-2,, күндүз 15...20,
Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, айрым учурда -1...-2, күндүз 15...20,
22-сентябрда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болот.