Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Дүйнөлүк банк кышка даярдык көрүүгө акча бөлөт

Бул күндөрү Бишкекте жүргөн Дүйнөлүк банктын энергетика боюнча миссиясы өткөн аптанын соңунда вице-премьер-министр Валерий Диль менен жолугушту. Анда Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетикалык тармагына 25 млн. доллар жардам бөлүүнү чечкени кабарланды. Республиканын энергетика тармагы Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы жана 7 млрд. сомдун тегерегиндеги тартыштыкка байланыштуу кризистик абалда экени маалым. (AiT)

XS
SM
MD
LG