Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Алайда жол тоскондор эки айга камалды


Депутат Акматбек Келдибековдун камактан бошотулушун талап кылып, быйыл жайында Алайда жол тоскондор арасынан үч киши камакка алынды. Ош шаардык сотунун чечими менен экөө эки айга камалды, бир киши ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” билдиргендей, алар милиция кызматкерлерин ур-токмокко алганы үчүн айыпталып жатат. Бейбаштык жана өзүм билемдик фактылары боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүүдө.

Келдибековдун тарапкерлери быйыл июнда бир айга чукул Ош-Эркеч-Там жолун бууп турган. Нааразылык акциясы учурунда митингге чыккандар менен күч кызматкерлери кагылышып, эки милиционер жараат алган.

Акцияга байланыштуу 43 протокол түзүлүп, төрт кылмыш иши козголгон. 25 кишиге административдик жаза колдонулган. (SE)

XS
SM
MD
LG