Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Москвада өрттөн каза тапкандардын тек-жайы такталды


Москвадагы өрт кырсыгында каза тапкан кыргызстандыктардын сөөктөрүн мекенине жиберүү боюнча документтер даярдалып жатат. Маркумдардын экөө Жалал-Абад облусунун, бири Ош облусунун тургуну. Баарынын жакындары табылды жана аты-жөндөрү аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Каргашалуу окуя 19-сентябрда, түнкү саат бирлер чамасында болгон. Москвадагы Фестивал көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үй өрттөнүп, андан төрт кыргыз жараны каза тапкан. Алты киши ооруканага түшкөн. Өрттөн бир үй-бүлө да жабыркаган. Жубайлардын абалы оор бойдон калууда. Алардын төрт баласы ишеним кат аркылуу туугандарына өткөрүлүп берилет. (SE)

XS
SM
MD
LG