24-сентябрда Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 19...24,
Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын ыктымалдуулугу аз. Түнкүсүн 8…10, күндүз 22…24 градус болот.