Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Алжирде француз туристи уурдалды


Алжирдин чыгышында өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган радикал топ менен байланышы бар согушкерлер француз жаранын уурдап кетишти.

Франциянын тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, франциялык жаран Алжирдин Тизи-Узу районунда эс алып жүргөн. Ал жекшембиде, 21-сентябрда уурдалган. Интернетке тараган видеодо уурдалды делген жаран Алжирдеги “Халифат аскерлери” тобу тарабынан туткундалганы айтылат. Согушкерлер француз президенти Франсуа Олландды Иракка кийлигишпөөгө чакырганын айткан. Азырынча бул видеону согушкерлер тартканы, жасалма эместиги так аныктала элек.

Мурдарак “Ислам мамлекети” радикал тобунун жетекчиси Мохаммед-ал-Аднани интернеттен бир нече тилде билдирүү таратып, жихадчыларга каршы күрөшкөн өлкөлөрдүн жарандарын өлтүрүүгө чакырган. Франциянын ички иштер министри Бернар Казнев 22-сентябрда радикал исламчылардан келген коркунучтарга жооп берүүгө даяр экенин билдирип, коопсуздук күчтөрү толугу менен мобилдешкенин айткан.

Франция АКШнын Ирактагы согушкерлерге каршы аскердик аба операциясына кошулган биринчи өлкө.(КЕ)

XS
SM
MD
LG