Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:45

Макаревичтин Кировдогу концерти болбой калды


Орусиялык белгилүү рок музыкант Андрей Макаревичтин Киров шаарындагы концерти болбой калды. Мындай чечимди концерттин уюштуруучусу Сергей Орлов билдирди. Филармония директорунун белгилешинче, Макаревичтин өзү түзгөн креол оркестри менен концерти 15-декабрга белгиленген болчу. Орлов «соңку кезде Макаревич менен Украинадагы окуялардан кийин жакшы келише албай жүргөнүн» белгилеген.

Макаревичтин Петербургдагы концерти да үзгүлтүккө учураган. Ал 28-сентябрда джаз аткаруучу Илдар Казаханов менен бирге концерт коймок. Артист Украинадагы кризиске байланыштуу Орусия бийлигин катуу сындап жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG