Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Түркия: 5-класстан тартып жоолук салынууга уруксат берилди


Түркия өкмөтү орто мектептерде жоолук салынууга тыюуну алып салды. Вице-премьер министр Бүлент Арынчтын 22-сентябрда билдиргенине караганда, окуучулар 5-класстан тартып хижап кие берсе болот. Бул өзгөртүүлөрдү өкмөт башчы Ахмед Давудоглу да колдоду. «Эгитим Сен» билим берүү бирлигинин жетекчиси Камуран Каража «түрк коомчулугу орто кылымдарга кайтып жатат» деп сындады.

Буга чейин Түркияда парламенттик көпчүлүк кыз-келиндерге университеттерде, былтыр мамлекеттик макемелерде хижапчан жүрүүгө уруксат берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG