Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Тергөө абактарында адам укуктарын сактоо боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт


Ал Кыргызстандын акыйкатчысынын демилгеси менен бүгүн Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасында өткөрүлөт. Ага Жогорку Сот, Башкы прокуратура, парламент мүчөлөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылды. Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин билдирүүсүнө караганда, коомдук угууда камакка алууда, баш коргоо чарасын өзгөртүүдө жана убактылуу тергөө абагында кармоодо адамдардын укуктарынын сакталышына байланыштуу маселелер талкууланат. Тергөө абагында кармоонун максималдуу мөөнөтүн үч жылдан бир жылга кыскартуу, соттордун жоопкерчилигин кароо талкууга коюлат. Коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталат. (AiT)

XS
SM
MD
LG