Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Бишкекте күзөт агенттигинин башчысы өлтүрүлдү


Бишкекте “Дельта-Восток” аттуу күзөт агенттигинин башчысы өлтүрүлүп, эки кызматкери жараат алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кол салуу агенттик кеңсесинин жанында болгон. Белгисиз адамдар күзөт тобуна кол салып, алардын авто унаасындагы 1,5 миллион долларды карактап кетишкен. Алдын ала маалымат боюнча бул каражат Бишкектеги түрк ишканасына таандык болгон. Күзөт компания акчаны белгиленген жерге жеткирүү үчүн жалданган.

Учурда Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу бул ишти иликтеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG