Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

ТИМ Максим Бакиевди кайтарууну көтөрдү


Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун 69-сессиясынын алкагында Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Тобиас Элвуд менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда министр Британияда баш калкалап жүргөн мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселесин көтөрдү. Абдылдаев Британиянын юстиция министри октябрь айында Кыргызстанга келери тууралуу маалымат кыргыз коомчулугунда Бакиевди кайтарууга байланыштуу үмүт жандырганын кошумчалады.

Буга чейин мындай маселени Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Британия парламентинин эки мүчөсү менен Бишкектеги жолугушууда көтөргөн болчу.

Максим Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Апрель ыңкылабынан кийин ага коррупциялык иштерге аралашкан, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген деген өңдүү айыптардын негизинде кылмыш иш козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Апрель ыңкылабынын маалында четке чыгып кеткен Максим Бакиев азыр Британияда баш калкалап жүргөнү маалым. Бишкек Лондонго бир канча жолу өтүнүч кат жолдогон, бирок тийиштүү жооп болгон эмес.(BkA)

XS
SM
MD
LG