Учурда Сирия аймагындагы согушкерлер арасында жүзгө жакын кыргызстандык бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дин иштер боюнча комиссиясынын башкы адиси Замир Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, алардын он чактысы аялдар. Сирияга кеткендердин көпчүлүгү түштүк облустардын тургундары. Акыркы мезгилде Токмок, Кара-Балта шаарларынан кеткен учурлар да катталган.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча комитет Сириянын аймагында 90го жакын кыргызстандык согуштук аракеттерге катышып жүргөнүн, алардын бешөө каза болгонун билдирген эле.(BkA)