Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Украина: жикчилер ок атышпоо келишими бузулганын ырасташууда


Донецктин мэриясы орусиячыл жикчилер менен өкмөт ортосундагы ок атышпоо келишими бир нече жолу бузулганын билдирди. Шаар орусиячыл козголоңчулардын таянычы болуп эсептелет. Мэриянын ырастоосунда, кечээ кечинде көп кабаттуу турак-жайга ракета атылган. РИА Новости агенттиги козголоңчуларга шилтеп жазганына караганда, андан эки киши набыт кетти. Бирок шаар бийлиги андай маалыматтын жоктугун айтып, бүгүн эртең менен да аткылоо болгонун кошумчалады.

5-сентябрда козголоңчулар менен куралдуу күчтөр ок атышпоого макулдашып, ошондон бери аны карманып келишти. Өткөн аптада тараптар артиллерия менен оор техникасын буфердик тилкеден алып чыгуу тууралуу сүйлөшкөн жана 24-сентябрдан тарта келишимди аткара башташканын ырасташууда.

XS
SM
MD
LG