24-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26,
Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 11…13, күндүз 25…27 градус болот.