БУУнун расмий өкүлү Украинадагы жаңжалда каза тапкандардын саны үч миң кишиден ашканын билдирди. Баш катчынын адам укуктары боюнча жардамчысы Иван Симонович Адам укуктары боюнча кеңеште айтканына караганда, 21-сентябрга карай 3 миң 543 кишинин өлгөнү расмий катталды. Бул тизмеге кырсыкка учураган малайзиялык учактын жүргүнчүлөрү да камтылган. Бирок бул сан мындан да жогору болушу мүмкүн, - деп кошумчалады БУУнун өкүлү.