Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Жапония Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизди


24-сентябрдан тарта санкция салынган банктардын катарында "Сбербанк", "Внешэкономбанк", "Внешторгбанк", "Россельхозбанк" жана "Газпромбанк" бар. Жапон өкмөтү санкцияга Орусиянын Украинадагы кризистеги ролу себеп болгонун белгиледи. Жапон өкмөтүнүн баш катчысы Есида Суга ошондой эле Куриль аралдарына Орусиянын жогорку даражалуу чиновнигинин келишине да каршылык билдирди.

Куриль аралдарына кирген Итуруп аралына президенттик администрациянын башчысы Сергей Иванов барган. Жапония Орусия Крымды кошуп алгандан кийин санкция киргизген. Эми ал санкциясын кеңейтти. (AiT)

XS
SM
MD
LG