Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Жалал-Абаддагы жылуулук ишканасына 5 кылмыш иши козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” облустун прокурору Кылычбек Токтогулов билдирди. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын аймакты жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнө текшерүү жүргүзүлүп, 10 миллион сомдон ашуун каражат мыйзамсыз сарпталганы аныкталган. Козголгон кылмыш иштердин үчөө облустук прокуратура, экөө экономикалык кылмыштар боюнча башкармалык тарабынан иликтенип жатат.

Маалыматка ылайык, каражаттар оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө жана от жагуу мезгилинде мыйзамсыз сарпталган. (RsK)

XS
SM
MD
LG