Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

“Ислам мамлекети” уюму 15 желдетин жоготту


АКШ башындагы күчтөр өткөн түнү Сириянын түндүк-чыгышына абадан урган сокку “Ислам мамлекети” уюмунун 15 желдетин катардан чыгарды. Сириядагы адам укугуна көзөмөл салчу уюмдун төрагасы Рами Абдурахмандын билдиришинче, авиачабуулдан дагы 5 жаран набыт болду. Абдурахмандын айтымында, согушчандар Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зор провинциясында жок кылынган, карапайым жарандар түндүк-чыгыштагы Хасаке аймагында жапырыкка кабылган.

АКШ тараптын маалымдашынча, 24-сентябрдагы түнкү авиачабуул кезде Сириянын чыгышындагы Маядин, ал-Хасака жана Абу Камал шаарларынын атарабындагы “Ислам мамлекети” контролдогон мунай иштетүүчү ишканаларга сокку урулган. Бул эл аралык коалициянын үчүнчү түнкү чабуулу болду. АКШ баштаган күчтөр жихадчыларды киреше булагынан ажыртагууга аракет кылышууда.

XS
SM
MD
LG