Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Обама: Украинадагы тынчтык - Орусияга каршы санкцияны токтотууга жол


АКШ президенти Барак Обама 24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп, дүйнө өлкөлөрүн “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарынын “өлүм торун” жок кылууга көмөктөшүүгө жана Украинанын эгемендигин Орусиянын агрессиясынан коргоого көмөктөшүүгө чакырды. Обама Орусия мартта Крымды аннекциялап, “чоң өлкөлөр өзүнүн территориялык дымагын көздөп, майда өлкөлөрдү төө бастыга алган доорго” кадам таштады деди:

- Орусиянын Украинадагы аракети согуштан соңку тартипке чакырык таштоо. Буга фактылар бар. Украин эли жапырт нааразылыкка чыгып, реформаны талап кылганда, алардын коррупционер президенти (Виктор Янукович) качып кетти. Киев өкмөтүнүн эркине каршы Крым аннекциялап алынды. Орусия армиясын Чыгыш Украинага киргизип, жикчилдердин забын-зордугуна жана миңдеген адамдарды өлтүргөн чатакка от жакты...

Обама Украинанын өкмөттүк күчтөрү менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы элдешүү Москва ынанса, тынчтыкка жол ачарын, эгер Кремль бул жолду колдосо, биз санкцияны токтотобуз деп кошумчалады. Ошондой эле Ирактагы жана Сириядагы “Ислам мамлекетинин” согушчандарына каршы кысымды күчөтүүгө үндөп, алардай “жамандыктын жарчылары” менен эч кандай сүйлөшүү болбойт деди.

XS
SM
MD
LG