Облустук ички иштер башкармалыгында иштеп, пенсияга чыккан Рахат Эралиевдин өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Маркум быйыл 17-сентябрда ур-токмоктон улам ооруканада каза тапкан. Облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, кылмышка шектүү катары 56 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Каракол шаардык милициясы тергөө амалдарын жүргүзүүдө. (MK)