Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Пахта баасы качан чечилери анык эмес


Быйыл пахта баасын көтөрүү боюнча маселенин чечилиши арсар. Бул тууралуу бүгүн парламентте өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, ак буланы сатуу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат:

- Кытай чектелбеген өлчөмдө бизде өндүрүлгөн пахтаны сатып алууга макул болуп жатат. Бирок баа саясаты аныктала элек. Бул чоң маселе болуп турат. Дүйнөлүк бааларга карап, анан бир пикирге келебиз.

Оторбаевдин айтымында, ушул күндөрү кытайлык адистер Кыргызстанда өндүрүлгөн пахтанын сапаты менен таанышып жүрөт .

Ушул тапта Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызуу жүрүп жатат. Пахта заводдору ак алтындын бир килограммын 34-37 сомдун тегерегинде сатып алууда. Бирок дыйкандар бул баа арзан экенин, чыгымды актоо үчүн аз дегенде 50 сом болушу зарылдыгын айтып келишет.

Маалыматка ылайык, пахта аянттары 15 жыл мурдагыга салыштырмалуу эки эсеге азайган. Мурда 80 миң гектардан ашуун жерге эгилип, 200 000 тоннага чейин ак алтын жыйналса, учурда 20 миң гектардан ашуун жерде гана пахта бар. Жыйналган түшүм 100 миң тоннадан бир аз ашат. Ак була Түркия, Кытай, Орусия сыяктуу мамлекеттерге сатылат. (SE)

XS
SM
MD
LG