Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Франция Сириядагы авиачабуулга катышуусу мүмкүн


Франциянын Коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун өңүттөрүнө абадан сокку урууга Франция катышуусу ыктымал деп эсептейт. Анын француз масс-медиасына айтымында: “Бул суроо азыр күн тартибинде.” Үстүбүздөгү жумада Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус анын өлкөсү Сириядагы жихадчыларга каршы операцияга катышуусуна мыйзамдуу тоскоолдук жок деп билдирген.

Жан-Ив Ле Дриандин айтымында, Алжирдин куралдуу күчтөрү франциялык туристтин башын алган экстремистти издеп жатат. Баш кесерлер Франция Ирактагы авиачабуулга катышууну токтотпосо, турист өлтүрүлөрүн эскерткен. Франция Ирактагы “Ислам мамлекети” уюмунун желдеттерине каршы операцияга расмий Багдаддын суранычынан кийин кошулган.

XS
SM
MD
LG