Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:54

Ысык-Көлдө улгайган кишилердин бир айлыгы жарыяланды


Карыялар күнүнө карата Ысык-Көл облусунда улгайган кишилердин бир айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 22-сентябрдан 22-октябрга чейин карыялар үйлөрүндө жашагандарга кайрымдуулук акциялары уюштурулат, улгайган кишилерге көмөктөшүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле карыялар арасында шахмат жана жеңил спорт түрлөрүнөн таймаштар өткөрүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG