Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Мусулман уламалары “Ислам мамлекети” тобун сындашты


Дүйнөнүн жүздөн ашуун мусулман аалымы жана лидерлери “Ислам мамлекети” уюмунун башчысы Абу Бакр ал-Багдадиге ачык кат жолдоду. 24-сентябрда жарыяланган катта уюм тарабынан Ыйык Курандын тексти мыйзамсыз жана мааниси бузулуп пайдаланылып жатканы айтылат. Кайрылууда “Ислам мамлекетинин” согушчандары Ислам тыюу салган кыйноолорду, кулчулукту, мусулманчылыкты күчтөп кабыл алдырууну, аялдар менен балдардын укуктарын танууну, күнөөсүз адамдарды өлтүрүүнү колдонуп жатканы белгиленет.

Бул катта ал-Багдадинин Сириянын чыгышын жана Ирактын батышын камтыган халифат куруу ниети “татыксыз сөз” экени белгиленип, “Ислам мамлекети” тобунун жихадга чакыруусу “келише албас иш” деп сыпатталат.

Мусулман уламалардын жана лидерлердин кайрылуусу АКШ президенти Барак Обама БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жаткан тушта жарыяланды. Обама өз сөзүндө экстремисттерди Исламды бурмалап, өз ыңгайына ылайык пайдаланат деп сындаган.

XS
SM
MD
LG