Түштүк Кореяда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында кыргыз футболчулары иорданиялыктарга 0:2 эсебинде утулуп калды. Жарым чейрек финалдын алкагындагы беттеш бүгүн болду. Оюндун негизги убакыты 0:0 менен аяктап, кошумча берилген 15 мүнөттө иорданиялыктар 2 гол киргизди. Ушуну менен кыргыз футболчулары Азия оюндарындагы мелдештерди жыйынтыктады.
Буга чейин Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Иран менен 1:1 эсебинде ойноп, Вьетнамга 1:0го утулган. Эгер бүгүн иорданиялыктарды жеңсе, чейрек финалга чыкмак.
Инчхон шаарында 19-сентябрда башталган Азия оюндары 4-октябрда бүтөт. Ага Кыргызстандан спорттун 21 түрү боюнча 114 спортчу катышууда. Кыргыз өкмөтү алтын медал алган спортчуга 1 миллион 250 сом, күмүш медал үчүн 750 миң сом, коло алгандарга 500 миң сом байге сайган. Азырынча кыргыз спортчулары медал ута элек. (ECh\SE)