Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Франция учактары “Ислам мамлекети” уюмунун Ирактагы өңүттөрүнө чабуул койду


Француз өкмөтүнүн өкүлү Ле Фолл согуштук учактар соккуну 25-сентябрда таңга жуук урганын билдирди. Бул Париж 19-сентябрда Кошмо Штаттардын ислам экстремисттерине каршы операциясына кошулгандан бери жасаган биринчи авиачабуулу.

Бүгүн Франциянын коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан Сириядагы “Ислам мамлекети” группасынын өңүттөрүнө абадан сокку урууга Франция катышуусу ыктымал экенин француз массмедиасына айткан эле.

Франция Ирактагы “Ислам мамлекети” уюмунун желдеттерине каршы операцияга расмий Багдаддын суранычы боюнча кошулган.

Франциянын ички иштер министри Бернар Казнев 25-сентябрда француздардын “Europe 1” радиосуна берген интервьюда Эрве Гурделдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу суроого жооп берип жатып, экстремистчил “Ислам мамлекети” тобунун жихадчылар менен күрөшүп жаткан өлкөлөрдүн жарандарын өлтүрүү тууралуу чакырыгы анын мамлекетин коркута албасын айтты: "Жок, Франция коркпойт, себеби коркпош керек. Террорчулар коркуу сезимин орнотууну каалашат, коркуу өкүм сүрсө, бул террорчулардын жеңиши болот.”

XS
SM
MD
LG