Ооган президенттигине шайлоодо экинчи келген Абдулла Абдулла атаандашы Ашраф Ганини президент болуусу менен куттуктады. Өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулла 21-сентябрда Гани жеңүүчү деп жарыялангандан бери өз тарапкерлерине жасаган биринчи кайрылуусунда өлкөдө тополоңго жол бербөө үчүн улуттук биримдик өкмөтүн курууга макулдук бергенин билдирди:
- Мен Ооганстандын болочок президенти, урматтуу Ашраф Гани Ахмадзайды куттуктайм жана улуттук биримдик өкмөтү жөнүндө келишимге кол коюу боюнча сүйлөшүүдөгү кызматташуусу үчүн ага ыраазылыгымды айтам, - деди Абдулла Абдулла.
Ооганстандын мурдагы финансы министри Гани 29-сентябрда президенттик орунга отурат.
Апрелде президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Гани да, Абдулла да жетерлик добуш алган эмес. Ошон үчүн июнда кайра шайлоо өткөрүлгөн. Оболу Абдулла добуштар уурдалды деп, шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартканда Ооганстанда саясий бейстабилдүүлүк дагы күчөйт деген коркунучтар айтыла баштаган. АКШ арачылык кылган келишимге ылайык, Абдулла аткаруу бийлигин жетектеп, маанилүү чечимдерди жана дайындоолорду президент Гани менен мунасада кабыл алат.