Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Сирияда “Ислам мамлекети” көзөмөлдөгөн мунай кендерине сокку урулду


Британияда жайгашкан байкоочу топтун маалыматы боюнча, АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн Сириядагы “Ислам мамлекетинин” базаларына соккусунан 14 жоочу өлдү. Байкоо тобунун башчысы Рами Абдурахмандын айтымында, кеминде беш катардагы тургун да каза тапты. Анын маалыматы боюнча, Дейр-эз-Зорго урулган соккуда жоочулар өлсө, түндүк-чыгыштагы Хасакеге урулган соккуда жарандар каза тапкан. АКШнын аскердик командачылыгынын билдирүүсүнө караганда, аба күчтөрү 24-сентябрда түнү “Ислам мамлекети” көзөмөлдөгөн мунай кендерине, заводдоруна сокку урду. Алар муну менен жоочуларды кирешеден ажыратууну көздөөдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG