Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

Ошто оппозиция жыйыны үзгүлтүккө учурады


Улуттук оппозициялык кыймыл өкүлдөрү Ош шаарындагы “Аристократ” ресторанында бүгүн өткөрүп жаткан жыйынды отуздан ашуун белгисиз аял жана жаш жигиттер үзгүлтүккө учуратты. Уюштуруучуларга жумуртка ыргытып, “Кыргызстанды бөлүп жатасыңар!”,- деп нааразылык билдиришти. Мындан улам кыймыл лидери Равшан Жээнбеков жана депутат Өмүрбек Абдырахманов чогулушту токтотуп, унаага түшүп кетүүгө аргасыз болгонун аймактагы кабарчыбыз маалымдады. Окуя болгон жерди милиция көзөмөлдөп турат.

Улуттук оппозициялык кыймыл Оштогу жыйында Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын талкуулаганы чогулган. Ага элүүгө жакын жаштар катышып жаткан болчу.

Чогулуш мурда облустук китепкананын имаратында өтөрү маалымдалган. Бирок китепкана түтүгүнөн суу агып, жыйын курууга ыңгайсыздык жаралып, “Аристократ” ресторанына көчүрүлгөн. Ага депутат Исмаил Исаков да катышары айтылган, бирок ал барган жок.

Кыймыл лидери Равшан Жээнбеков чогулуш тынч маанайда уюштурулуп жатканын айтып, аны үзгултүккө учуратууну оппозицияга бийлик тарабынан жасалган бут тосуу катары сыпаттады. (ErN\SE)

XS
SM
MD
LG