Тоң районунун Ак-Өлөң айылына жүзгө жакын боз үй тигилип, маарекеге миңден ашуун киши катышып жатат. Ал эми Балыкчы шаарына манасчынын эстелиги орнотулуп, борбордук көчөгө ысымы ыйгарылды. Бул үчүн шаардык бюджеттен 3 миллион, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 1 миллион 800 миң сом каралган.
Бүгүнкү иш-чарага Саякбай Каралаевдин небереси Талантбек Намазбеков, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңеш депутаттары жана коомдук ишмерлер катышууда.
120 жылдыктын алкагында улуттук ат оюндары да болот. (MK\SE)