Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Милиция кармаган оппозиция тарапкерлери бошотулду


Ош шаарындагы оппозиция жыйынына катышып жаткан кезде милиция кармап кеткен беш бала кыска мөөнөттүү сурактан соң бошотулду. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, алар профилактикалык иш-чаранын алкагында, оппозиционерлер менен аларга каршы топтун ортосундагы жаңжалды ыдыратпоо максатында кармалган.

Улуттук оппозициялык кыймыл өкүлдөрү бүгүн “Аристократ” ресторанында жаштар менен Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын талкуулап жаткан учурда отуздай аял жана жигиттер тобу келип, чогулушту үзгүлтүккө учураткан. Андан соң “Дархан” чайханасына түштөнүүгө барган жеринен да кууп чыгышкан. Айрым катышуучуларды милиция кармап кеткен.

Жыйынга кыймыл лидери Равшан Жээнбеков жана депутат Өмүрбек Абдырахманов катышып жаткан болчу. Оппозиционерлер муну бийлик тарабынан жасалган бут тосуу экенин айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG