Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин азык-түлүк баасы 15-20% кымбаттайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл чарба министринин орунбасары Эркинбек Чодуев билдирди:
- Алдын ала жүргүзүлгөн анализдерге ылайык, эт менен өсүмдүк майынын кымбатташы күтүлүп жатат. Ал эми Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн айыл-чарба азыктарынын баасына Бажы биримдиги таасир этпейт. Кымбаттоолор азык-түлүк коопсуздугуна кедергисин тийгизбейт.
Кыргыз өкмөтү жакында өлкөнүн Бажы биримдигине кошулуусу боюнча мыйзам долбоорлордун топтомун жактырды. Эми аларды парламент талкуулап, бекитиши керек.
Эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргызстан Бажы биримдигине 2015-жылы кирет. (SE)