Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Литва президенти Украинанын суверенитетин коргоого чакырды


Литванын президенти Далия Грибаускайте Орусиянын Украинадагы “мыйзамсыз агрессиялык аракеттерин” айыптады. 26-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн президент эл аралык коомчулукту Украинанын суверенитетин коргоого үндөдү. Анын алдында “Вашингтон пост” гезитине берген интервьюда Литва мамлекет башчысы Орусия Украинада өзүн “террорчудай” алып барганын, башка кошуналарын коркутуп-үркүтүп жатканын айткан. Грибаускайте Орусиянын Украинадагы саясаты жана Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремист тобуна каршы турууда лидерлик жок деп Батышты сындай кетти.

XS
SM
MD
LG