Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Таластагы тынч чогулуш үзгүлтүккө учурады


Талас шаарында бүгүнкүгө белигиленген жаш активисттердин тынч чогулушун жергиликтүү бийлик үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, тынч чогулуш башталарда спорттук түзүлүштөгү жүздөн ашык жигит жаш активисттерди кууп тараткан.

- Биз тынч чогулушубузду баштаганга да жетишкен жокпуз. Жергиликтүү бийлик тарабынан даярдалган балдар бизди жулмалап кубалап жатышат,- деди Аскарбеков.

Облустук милиция болсо тынч митингге эч ким уруксат сурабаганын айтууда.

Өңчөй жаш саясатчылардан турган “Жаңы муун” кыймылы бүгүн курултай өткөрүп, өлкөдөгү саясий абалды жана чек ара маселелерин талкууламак. 24-сентябрда милиция алардын элге таратчу баракчаларын чагымчыл маанайда деген жүйө менен тартып алган. (UEz)

XS
SM
MD
LG