Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Ош: “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестивал өтөт


2-6-октябрь күндөрү Ош шаарында “Сулайман-Тоо – тынчтык жана ынтымактын символу” аталышындагы маданий иш-чаралар коштолгон фестивал өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Иш-чаранын максаты Ош шаарынын жана Сулайман-Тоонун символикалык маанисин түшүндүрүү менен анда жашап жаткан улуттарды ынтымак, биримдикке чакыруу.

Анда тарыхчы Антонина Захарованын «Сулайман-Тоо. Мифтер, легендалар, жомоктор, изилдөөлөр» аттуу монографиясы коомчулукка сунушталат.

Фестивалдын жүрүшүндө театрлаштырылган көрсөтүүлөр, сүрөт көргөзмөлөрү, классикалык музыка концерти, элдик кол өнөрчүлүк жармаңкеси жана спорттук мелдештер уюштурулат.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын борборунда жайгашкан Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун Испанияда өткөн 33-отурумунда «Ыйык тоо» наамы менен Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. (TSh)

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG