Өткөн түнү Луганск облусунун Счастье шаарындагы минометтук аткылоодон 16 адам жараат алды. Шаардык оорукана, аскердик бөлүк, мектеп жана бир катар социалдык имараттар талкаланды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары Улуттук коргонуу коопсуздук борборунун жетекчисинин орун басары Владимир Полевойдун билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Донец, Луганск облустарында орусиячыл жикчилер чабуулду токтотпой жатат.
Мурдараак Донецк облусунун Куйбышев районунда киши өмүрүн алган салгылашуу болгону кабарланган.
Ал арада жикчилер Донецктеги аэропорттун жаңы терминалын басып алганын билдиришти.