Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Оппозиция курултайы жылдырылды


Улуттук оппозициялык кыймыл сентябрдын аягына өткөрүүнү пландап жаткан өзүнүн "Жарык жана жылуулук" курултайын кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков билдирди. Курултайда Кыргызстандагы жарыктын өчүрүлүшү, жылуулук, тарифтердин көтөрүлүшү сыяктуу социалдык маселер талкууланмак.

Курултайды жылдыруу себебин Равшан Жээнбеков мындайча түшүндүрдү.

- Социалдык маселени талкуулайбыз. Андыктан жалаң эле оппозиция чогулбайбыз. Анан дагы азыр оппозициянын бардык тынч митингдерин бийлик үзгүлтүккө учуратып жатат. Азыр биз кооптонуп турабыз, бирок октябрдын аягына баары бир уюштурабыз

Ошто 26-сентябрда оппозициянын жыйынын отуздан ашуун белгисиз аял жана жаш жигиттер үзгүлтүккө учураткан эле. Кечээ жаштардын “Жаңы муун” кыймылынын Таластагы тынч чогулушу дагы үзгүлтүккө учураган. (TSh)

XS
SM
MD
LG