Атай Өмүрзаков жана "Тумар" бийчилер тобу Германиянын Франкфурт шаарында өткөн Das Supertalent-2014 телесынагында финалга чыкты. Кыргызстандык бийчилер тандоо турунда калыстар тобунун колдоосуна татып, дароо эле финалга өткөрүү чечими кабыл алынды.
Эми бийчилер декабрь айында Германиянын Кельн шаарында өтүүчү финалдык оюнга даярданып жатышат.
Аталган телесынак Германиянын белгилүү RTL телеканалында көрсөтүлөт. Калыстар тобунда атактуу Modern Talking группасынын ырчысы Дитер Болен сыяктуу атактуу адамдар отурат. Сынактын жеңүүчүсүнө жүз миң евро берилет. (TSh)