Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Жапониядагы жанар тоо 31 адамдын өмүрүн алды


Жапониянын Онтакэ тоосунда атырылган жанар тоо болжол менен 31 кишинин өмүрүн алып, 40 адам жабыркады. Полициянын маалыматына ылайык, алардын баарынын жүрөгү токтоп калып каза тапты. Жанар тоонун күтүүсүз атырылышы ишемби күнү башталган. Ондогон адамдар коопсуз аймакка көчүрүлдү.

Онтакэ тоосу мамлекеттин дээрлик борбордук бөлүгүндө, Токиодон 200 км батыш жакта жайгашкан. Ал жерде алгач 1991-жылы, андан соң 2007-жылы жанар тоо атырылган. Тоонун бийиктиги 3067 метр. (SE)

XS
SM
MD
LG