Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Сирияда кыргызстандык сегиз жаран каза болгону аныкталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда Сириядагы согуштук аракеттерге 100дөн ашуун кыргызстандык катышып жүрөт. Алардын 70% Орусия аркылуу кеткен:

- Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Сирияга кеткендердин 30 пайызы Түркия, 70 пайызы Орусия аркылуу кеткени аныкталды. Алар үйдөн Орусияга “иштегени кеттим” деп жөнөшөт. Текшерүү иштеринин натыйжасында, алгач Орусияга барганы байкалып жатат.

Ош милициясы жүргүзгөн “Антитеррор” операциясынын алкагында өткөн жумада Араван районунун 37 жаштагы тургуну үй-бүлөсү менен Сирияга кетип, салгылашууларга аралашып жүргөнү маалым болду. Ошондой эле райондун Тепе-Коргон айылынын 21 жаштагы тургуну интернет аркылуу айылдаш кызын ошол жакка чакырып жатканы аныкталды. Андан сырткары Кара-Суу районунун Нариман айылынан да 20 жаштагы жигит Сириядагы согушка катышып жүргөнү такталды. Буга чейин Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунан, Кызыл-Кыя жана Токмок шаарларынан кеткендер тууралуу маалымат бар болчу.

Согушка аттангандардын айрымдары радикал көз караш менен, кээ бирлери бирөөлөрдүн тузагына илинип барышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG