Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Чаткалда мектепке жоолукчан барган кыз кысымга кабылганын айтып чыкты


Чаткалдын Каныш-Кыя айылындагы Кайың-Суу орто мектебинин 7-классынын окуучусу Фатима Кадырбекова сабакка жоолукчан баргандыгы үчүн мектеп мугалимдери тарабынан кысымга кабылып жатканын анын атасы Жусупбек Кадырбеков “Азаттыкка” билдирди:

- Кызым Фатима 2013-жылы үйдөн намаз окуп баштаган. Мектепте да тырышып сабактарын калтырбай окуганга аракет кылат. Бирок мектептин завучу атайын кабинетине чакыртып, мектеп формасын кийбесең мектептен чыгасың деп коркутуп жатат.

Мектеп жетекчилиги болсо мектеп формасын кийүү бардык окуучуларга милдеттендирилгенин жүйө кармоодо.

Фатима 300дөн ашык бала окуган мектепте оромол оронгон жалгыз кыз экен. Кыздын атасы бул боюнча жергиликтүү бийликке жана прокуратурага кайрылганы жатат.(RsK)

XS
SM
MD
LG