Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Кытайда имамдын өлүмүнөн улам эки киши өлүм жазасына кесилди


Кытайда Гени Хасан Нурмамбет жана Нурмамбет Абидилмит Шиңжаң Уйгур автоном районундагы Кашгар шаарында Ид Ках мечитинин имамы - Жума Тахрирди өлтүрдү деп айыпталып, өлүм жазасына кесилди. Ал эми Атавулла Турсун өмүр бою эркинен ажыратылды. Маалымат каражаттары алардын уйгур улутунда экенин жазышууда.

Жума Тахрир 30-июль күнү өзү иштеген мечиттин жанында киши колдуу болгон. Маркум көбүрөөк Кытай бийлигин колдоп, насаат жүргүзүп келгени айтылып жүрчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG