Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Ашраф Гани ант берди


Бүгүн Кабулда жаңы президент Ашраф Ганинин ант берүү аземи өттү. Ал АКШ менен коопсуздук багытында кызматташуу келишимине кол коюуга убада берди. Бул документ Ооганстандын аймагынан НАТО аскерлери чыгып кеткенден кийин дагы америкалык аскерлердин бир бөлүгүн калтырууга мүмкүнчүлүк берет. Ушул эле күнү Ооганстандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулла да ант берди.

Ооганстандын тарыхында биринчи жолу бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилди.

Ооганстандын шайлоо комиссиясы Ашраф Ганинин президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп атаган. Өткөн аптада президенттикке талапкерлер Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла улуттук биримдик өкмөтүн түзүү келишимине кол коюшкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG