Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Донецк аэропортуна чабуул жасалды


Ушул түнү жикчилдер өкмөттүк аскерлердин көзөмөлүндө турган Донецктеги аэропортту танк менен бир нече ирет аткылашкан. Анда жети аскер өлүп, тогузу жараат алганын президенттин кеңешчисине таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Бул аймакта бүгүн таңдан тартып оор куралдан атылган октордун добуштары угулуп жатат.

Өкмөттүк күчтөрдүн штабы украин аскерлери Мариуполдогу кырдаалды толугу менен көзөмөлдөп турганын билдирди. Турак үйгө снаряд түшүп, үч жергиликтүү тургун каза таап, бешөө жараат алды. Бул тууралуу шаардык кеңештин маалымат катчысы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG