Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Франциядагы шайлоодо социалисттер жеңилди


Францияда президент Франсуа Олланд башында турган социалисттер жана башка оңчул партиялар 28-сентябрдагы шайлоодо жеңилип, Сенаттагы көпчүлүктү алдырып койду. Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, консервативдик “Элдик кыймыл биримдиги үчүн” партиясы менен орточул “Демократтар жана көз карандысыздар союзу” партиясы Сенатта 188 орунду алат. Бул абсолюттук көпчүлүктөн дагы 13 орунга көп дегенди билдирет. Биринчи жолу Сенатка “Улуттук фронт” – ашынган улутчулдар кошулганы жатат. Алар эки орунга ээ болушкан.

Франция Сенаты атайын коллегия тарабынан ар бир үч жылда шайланат.

Сенат парламентте өтө чоң роль ойнобосо дагы, бул Олландга саясий сокку катары бааланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG