Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

АКШ Кытай бийлигин сабырдуулукка чакырды


Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест АКШ Гонконгдо бешинчи күн уланып жаткан нааразылык акциясына байкоо салып турарын билдирди. “АКШ Кытай бийлигин сабырдуулукка чакырат, ал эми акция катышуучуларын өз пикирлерин тынчтык жолу менен билдирүүгө үндөйт. Биз жалпы мыйзамдарга ылайык Гонконгдо укуктардын кеңейтилишин колдойбуз”, - деп билдирди Эрнест.

Массалык толкундоолор өткөн дүйшөмбүдө демократиялык реформаларды талап кылган студенттердин чакан акциясынан улам башталган. Кийин студенттерге Гонконгдун ар кандай курактагы жашоочулары кошулуп, Бээжинден 2017-жылы Гонконгдо толук кандуу демократиялык шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

29-сентябрда демократиянын жактоочулары менен полиция ортосунда кагылышуулар орун алган. Бул күнү бийликти колдоп жана акцияны уюштурган Occupy Central'га каршы 100 миңден ашуун киши чыкканы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG