Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Азиада: Жанарбек Кенжеев жарым финалда күрөшөт


Бүгүн Азия оюндарында кыргыз спортчулары жеңил атлетика, бокс жана грек-рим күрөшү боюнча мелдештерге катышууда. Грек-рим күрөшүнөн 80 килограмм салмакта Жанарбек Кенжеев чейрек финалда кытайлык Чен Вей менен беттешип, жеңишке жетти. Эми жарым финалда Жанарбек жапониялык Цурумаки Цукассага каршы чыгууга камданууда. Ал эми 59 килограмм салмакта Каныбек Жолчубеков чейрек финалда Түштүк Корея балбаны Ким Йоунгжундан утулуп калды. Эгер корей балбаны финалга чыкса, Жолчубеков коло медал үчүн күч сынашы мүмкүн. Ушундай эле жыйынтыкка 71 килограмм салмакта Эсенгелди Кожобек уулу жетишип, чейрек финалда Ирак балбаны Йасеен Дхахирден жеңилүү ызасын тартты.

Азия оюндарына Кыргызстандан спорттун 21 түрүнөн 115 спортчу катышууда. 19-сентябрда башталган мелдештер 4-октябрда аяктайт.

Буга чейин велоспортчу Евгений Ваккер менен эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев күмүш алса, эркин күрөшчү Эламан Догдурбек уулу менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова коло байгенин ээси болушкан.(ECh/BkA)

XS
SM
MD
LG